www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки балдарга берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулуна арыздарды кабыл алууну баштады.
Маалыматка ылайык, биринчи сутка ичинде жалпы 14 318 арыз түшүп, анын 13 782си (96,2%) жөлөкпул дайындоого кабыл алынган.
Арыздардын басымдуу бөлүгү — 12 205и (89%) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта берилген. Ал эми 1 577 арыз (11%) кагаз түрүндө тапшырылган.
Жарандарга арыз берүүдө министрликтин аймактык бөлүмдөрү жана ОАО «Түндүк» кызматкерлери көмөк көрсөтүшкөн.
Ошол эле учурда 536 арыз (4%) маалыматтардын мамлекеттик маалыматтык системалардагы дал келбестигинен улам кабыл алынган эмес.