www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан былтыр 185 миң автоунаа импорттогон

Улуттук статистикалык комитет 2023-жылы Кыргызстанга 184 789 жеңил машина импорттолгонун кабарлады.

Сырттан кирген автоунаалардын жалпы баасы 2 миллиард 766,9 миллион долларды түзгөн. Өлкөгө 61 мамлекетте өндүрүлгөн машина кирген.

Ири импортерлор (5 миңден ашык авто):

Кытай — 79 131;

Түштүк Корея — 50 397;

Россия — 14 437;

АКШ — 11 953;

Япония — 9 300;

Германия — 6 615.

2022-жылы Кыргызстанга 41 241 автоунаа жеткирилген.

Автоунааларды импорттоо боюнча Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдан берки маалыматы:

2018 — 3 835;

2019 — 18 527;

2020 — 25 629;

2021 — 13 116;

2022 — 41 237.

2018-2022-жылдары өлкөгө жалпысынан 102,3 миң унаа алып келинген. Өткөн жылы импорт ага чейинки беш жылдыкка салыштырганда 1,8 эсе көп болгон.

2023-жылы Кыргызстан 8,3 миң автоунаа экспорттогон, алардын көбү Россияга кеткен (2022-жылы 2 миңден азыраак экспорттолгон).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости