www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү жана балык продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер уланууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын алгачкы 7 айында өлкөдөн 746,7 тонна балык экспорттолгон. Бул 2025-жылы экспорттолгон 857,6 тонна балык продукциясынын 87 пайызын түзөт.
Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга экспорттолууда.
Учурда өлкөдө балык продукциясын экспорттоо менен 9 ишкана алектенет. Алардын продукциясы белгиленген ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга жооп берген учурда гана тышкы рынокторго чыгарылууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, балык чарбасын өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, ички рынокту камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.