www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 6 айда Кыргызстан чет жакка 685 млн 800,9 миң сомго балык саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, чет жакка 1 миң 716,9 тонна балык тирүүлөй, жаңы, муздатылган жана тоңдурулган түрдө экспорттолгон. Анын көбү — 1 миң 646,6 тонна балык Россияга 658 млн 992,7 миң сомго сатылган. Казакстанга 70,3 тонна балык 26 млн 808,2 миң сомго экспорттолгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Айыл чарба министрлиги быйыл жарым жылда Кыргызстан Казакстан менен Орусияга 1 миң 901 тонна 870 кг (1 млн 901 миң 870 кг) балык экспорттогонун кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости