www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мунай жана мунайзаттарды автоунаа жана темир жол аркылуу экспорттоого убактылуу тыюу салуу улантылат.

Бирок «Кыргызнефтегаз» ишканасына 4 212,486 тонна мазутту экспорттоого уруксат берилет. Ал үчүн келишимдер 2026-жылдын 13-июлуна чейин түзүлгөн болушу керек.

Тыюу ички рынок жетиштүү деңгээлде камсыздалганга чейин же ЕАЭБде мунай жана мунайзаттардын жалпы рыногу түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Мындан тышкары, Кабминдин чечими менен мунайзаттарды чет өлкөдө кайра иштетүүгө чыгарып, даяр продукцияны кайра Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берилет.

Тиешелүү токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Последние новости