www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз калкы тапканын тойго жумшап, талаага чачып келе жатканы талашсыз. Бирок акыркы учурда социалдык тармактарда коомчулук тойдон чарчагандыгын айтып жатат. Чындыгында, акыркы жылдары тойдогу кээ бир тамадалар, айрым посттор жана айтылган тосттор көпчүлүккө тажатма болуп калды: бирөө тамак, экинчиси телефон менен убара.
Көп ресторандарда окустика жакшы эмес. Тамадага жакын адамдардан башкасы сөздү укпайт.
Кыргызстанда 30 жылдан ашуун убакыттан бери тойлордо 3-4 чет элдик ырчылардын ырлары коюлуп келет. Тилекке каршы ырлардын маанисине эч ким деле көңүл бурбайт. Эми сиздерге тизмектеп түшүндүрүп берели.
Мисалы биринчи өзбекстандык Хожи Акбарга таандык “Гүлбадам” деген аталыштагы ыр. Бул ыр негизинен Өзбекстан жана Тажикстан тарапта эл ичинде айтылып жүргөн ырлардын бири катары белгилүү.
«Гүлбадам» – парсы-түркү тилдеринде кеңири колдонулган сөз, гүлдөй сулуу кыз, гүлдөн жаралгандай кооз деген маанилерди берет. Көбүнчө бул ыр: махабат темасында, кыздын сулуулугун жана ага карата ашыктыкты сүрөттөгөн, элдик күүлөрдө аткарылчу ырларда ырдалып, сүрөттөлөт.
Бир нече региондо бул ырдын ар башка версиялары бар — кээ бир жерде өзбекче, кээ бир жерде тажикче, айрым аткаруучулар түркмөн мотивдерин да кошот.
Экинчи ыр, Adrian Minune (чыныгы аты Adrian Simionescu) – Румыниядагы эң белгилүү manele аткаруучуларынын бири. Manele — Балкан, түркү, араб жана ром музыкасынын аралашмасынан турган популярдуу стиль. Adrian Minune бул жанрдын “жылдызы” катары саналат.
Ал 1974-жылы туулган. Улуту ром (цыган). Белгилүү ырлары: Așa sunt zilele mele, Beau, beau, Sunt șmecher, Chine Chin жана башкалар.
Мисалы "Chine Chin" көп учурда социалдык тармактарда, видео‑ремикстерде, той‑кечелерде бийге жаралган ыр катары колдонулат — демек, анын мааниси көбүнчө “кайрат, сергектик, энергия, бийлик” менен байланыштуу десек болчудай.
Кызыгы ушул ырды Кыргызстандан ар бир тоюнда тажабай 30 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келет, бирок эч бир жан маанисин деле түшүнбөйт.
Эң кызыгы үчүнчүсү, кыргыз коомчулугу ырдын маанисине түшүнбөй эле чимирилип бийлей берген бул ырды аялдын кийимин кийгенди жакшы көргөн Азис (чыныгы аты Vasil Troyanov Boyanov) — Болгариядагы эң көп талкуу жараткан жана эң таасирдүү артисттердин бири. Ал 1978-жылы туулган. Үй бүлөсү тууралуу ар түрдүү кептер айтылып келет. Айрым маалымат булактар 2006-жылы Азис белгилүү адам менен символдук түрдө никеге турган: анын аты — Niki Kitaetsa (же Николай Парванов) экенин айтып жүрүшөт. Бирок бул нике Болгария мыйзамдарына ылайык расмий таанылган эмес.
“Sen Trope” — болгар эстрадасынын жылдызы AZIS (Аzis / Азис) аткарган эң популярдуу ырлардын бири. Ыр 2011-жылы жарыкка чыгып, кыска убакытта Болгария, Балкан өлкөлөрү, Түркия, Греция, Румыния, Россия жана КМШ аймагында чоң хитке айланган.
Анын башка ырчылардан өзгөчөлүгү жандуу ритм, бий стили, электропоп элементтеринин аралашмасы, провокациялык стиль жана оригиналдуу аткаруусунда. Тактап айтканда ырчынын аялдарга окшоп кийингенинде.
Алсак, Кыргызстанда тойлордогу тынымсыз “Sen Trope” ыры YouTube’да миллиондогон көрүүлөргө ээ болуп, Азистин эң таанымал композицияларынан бирине айланган. Клиптеги образдар, костюмдар жана хореография ырдын популярдуулугун дагы да күчөткөн.
Азис көп учурда өзүн “гей” же “ЛГБТ өкүлү” катары ачык жарыялаган. Анын кесепетинен бир топ сын-пикирлерге туш болгон; бирок өз үнүн, стилин жана көз карашын ачык кармайт. Анын жеке жашоосу, үй-бүлөлүк мамилелери жана сексуалдык ориентациясы талкууга алынып келет. Аны айрымдар “эксцентрикалык артист” катары кабыл алса, башкалары “ашыккан гей / ЛГБТ өкүлү” деп эсептешет.
Баса, Азиздин “Sen Trope” ыры “байлык + статус + люкс жашоо” идеалын чагылдырган ыр. Бул жаңы муундагы көз караш катары айтылып, түнкү турмушта, майрам‑тойлорго ылайыкталган. Тилекке каршы ошол эле маалда ырдын клиби ар кандай пикирлерди жараткан. Анткени, ырчы Азиздин аялдардай кийингени жана жүрүш-туруму көпчүлүккө жаккан эмес.
Өзгөрүүнү баштап, музыканы тандап, сөздөрүнө көңүл буруп койсок ашыкча болбос.