www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы мамлекеттик медиа бирикме – "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом президенттин "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
Жаңы мекеме "Кыргыз Туусу" басма үйүн, "Слово Кыргызстана" басма үйүн, "Байчечекей" балдар журналынын редакциясын жана "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналынын редакциясын бириктирүү жолу менен түзүлдү. Бирдиктүү маалымат-басма үйүн түзүү мамлекеттик медиа системасын модернизациялоонун, алардын натыйжалуулугун жогорулатуунун жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин чыңдоонун маанилүү кадамы катары каралууда.
Кабыл алынган чечимдер мамлекеттик маалыматтык стратегиянын алкагында бирдиктүү редакциялык саясатты ишке ашыруу үчүн институционалдык шарттарды камсыздоого, мамлекеттик медианы башкаруу системасын чыңдоого; контентти өндүрүү жана жайылтуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Токтом менен "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, штаттык сандын чеги, эселенген коэффициенттер жана кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар бекитилди. Жаңы мекеменин түзүмүнө төмөнкүлөр кирет: