www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагын тартыштыктан чыгаруу, кубаттуулукту жогорулатуу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын катарында ири ГЭСтерге өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда   Камбар-Ата-2 ГЭСнин №2 гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча долбоордун жүрүшү активдүү ишке ашырылып жатат. Аталган долбоор электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Электр станциянын  учурдагы  орнотулган кубаттуулугу 120 МВтты түзөт. Ал эми  №2 гидроагрегатты ишке киргизгенден кийин станциянын жалпы кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйөт. Долбоордо коюлган графикке ылайык, №2 гидроагрегатты  эксплуатацияга берүү 2029-жылдын башына пландаштырылууда.

№2 гидроагрегатты ишке киргизүү генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө, энергосистеманын туруктуулугун, айрыкча эң жогорку жүктөмдөр учурунда жогорулатууга  мүмкүндүк берет.

Азыркы тапта долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү боюнча аткарылып  жаткан иштерге токтолсок:
№1 Лот (турбина жана генератор);
Мобилизация алкагында офистик жайларды куруу жана жабдуу иштери толугу менен аяктап, объект штаттык режимде иштеп жатат. Турак жай лагеринин инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланууда, ошондой эле аны тазалоочу курулмаларга кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоорлоо бөлүгүндө турбина боюнча чиймелер сын-пикирлерди эске алуу менен бекитилди, ал эми генератор боюнча долбоордук иштеп чыгуу улантылууда.

№2 Лот (500 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш жана электр берүү линиялары);
Инженердик изилдөөлөр жана топографиялык иштер аяктады. Жаңыртылган геологиялык отчет бекитилди. Учурда долбоордук документтерди техникалык талаптарга шайкеш келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

№3 Лот (суу өткөргүч жана ГЭС имараттары);
Подряддык уюмдар үчүн кеңсе имараттары жана Fichtner консультанттары менен подрядчылар үчүн турак жайлар курулуп бүткөрүлдү. Учурда лабораториянын жана бетон түйүнүн куруу иштери жүрүп жатат.
Долбоорлоо алкагында В-2 суу өткөргүчүн кошо алганда, андан аркы иштеп чыгуу үчүн баштапкы материалдар даярдалды. Бардык лоттор боюнча иштердин өз ара байланышын эске алуу менен өндүрүш графиги макулдашылууда.

Аталган долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты -    Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө  өбөлгө түзөт. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык потенциалын кеңейтүүгө,  электр энергиясын туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана энергия тармагынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Долбоорду ишке ашыруу бекитилген мөөнөттөрдү сактоо менен пландуу режимде жүргүзүлүүдө. Курулуш жана долбоорлоо процесстеринин бардык катышуучуларынын ортосунда координация камсыздалган.
 

 

Последние новости