www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери “Арабеск”конкурсу XIX Ачык россиялык конкурсунда жогорку деңгээлде өнөр көрсөтүп, эл аралык аренада Кыргызстандын маданий аброюн дагы бир ирет бекемдешти.
“Арабеск” конкурсу 1988-жылдан бери дүйнөдөгү эң абройлуу балет сынактарынын бири болуп саналат. Анын негизги максаты — жаңы ысымдарды ачуу, жаш артисттерге эл аралык сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берүү, классикалык балет мурасын сактоо жана заманбап хореографияны өнүктүрүү.
Конкурс Пермь шаарында 15–25-апрель күндөрү өтүп, пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Бул жылы сынакка дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 354 катышуучу арыз берип, Россиянын 26 шаарынан жана бир катар чет мамлекеттерден келген артисттер катышты.
Конкурстун жыйынтыгында таланттуу бийчи, кыргыз балетинин өсүп келе жаткан жылдызы Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамына ээ болду. Ал эми кыргыз көрөрмандарынын сүймөнчүгү Даяна Кыдыралиева престиждүү сынактын дипломун жеңип алды.
Артисттерди сынакка даярдоодо жана чыгармачылык колдоодо эл аралык конкурстардын лауреаты, балет боюнча кеңешчи Эмиль Жумакадырович Акматов жана педагог, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Кубанычбекович Сыдыков чоң салым кошту.
Калыстар тобунун төрагасы, СССРдин эл артисти Владимир Викторович Васильев жетектеген конкурс салт боюнча жогорку деңгээлде уюштурулуп, жаш таланттарды аныктоочу маанилүү маданий аянтча катары дагы бир жолу өз статусун тастыктады.
Бул ийгилик кыргыз балет искусствосунун өнүгүп жатканын жана эл аралык маданий мейкиндикте татыктуу орун ээлеп жатканын дагы бир жолу далилдейт.