www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2026-жылдын 30-январындагы №73-т сандуу «Укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жөнүндө” буйругунун талаптарына ылайык, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы сурамжылоо иштери уланууда. Башкармалыктын кызматкерлери соода-сатык жайларда, дүкөндөрдө, окуу жайларда болушуп, атайын ИИМ тарабынан бекитилген анкетадагы суроолорду беришүүдө. Ош шаарынын тургундарынан, келген конокторунан жана бизнес чөйрөсүндөгү кылмыштуу топтордон, мамлекеттик жана бийлик өкүлдорү тарабынан кысым көрсөтүү, акча талап кылуу фактыларын аныктоо максатында сурамжылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Сурамжылоонун негизги максаты – коомчулуктагы коопсуздуктун деңгээлин аныктоо, жарандардын пикирин угуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш чаралардын жүрүшүндо аныкталган терс көрүнүштөр болсо токтоосуз каттап, мыйзам чегинде маани берүү тапшырылган.
Учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Ош шаарынын тургундарын жана конокторун сурамжылоо иш-чараларына активдүү катышууга чакырабыз.