www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-февралда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп директорлорун тандоо боюнча конкурстун мазмунуна арналган жыйын өткөрдү.
Жыйынга министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Лира Самыкбаева, ошондой эле Мектептик билим берүү башкармалыгынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.
Министр белгилегендей, Республикалык институт тарабынан өткөрүлүүчү квалификацияны жогорулатуу курстарынын мазмуну конкурстук тесттердин талаптарына толук шайкеш келиши керек. Курстар талапкерлерди сынакка системалуу жана сапаттуу даярдоону камсыз кылууга тийиш.
Белгилүү болгондой, мектеп директорлору ар беш жыл сайын конкурстук тандоодон өтүшөт. Бул процесс тең укуктуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.