www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманжан датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда ачылды

Бишкекте Курманжан датка көчөсүнүн реконструкцияланган бөлүгү мөөнөтүнөн эрте пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, кечээ, 10-сентябрдан тарта саат 18:00дөн баштап Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки алты тилкелүү тилке унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мунун натыйжасында Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектисине чейинки кыймыл толугу менен жанданды.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев объектти жеринен көрүп чыгып, тургундар менен баарлашты. Ал тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо боюнча милдеттерди муниципалитет өз убагында аткарарын белгиледи.

Реконструкциянын алкагында аткарылган иштер:

Фрунзе көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейинки жылуулук трассалары жаңыланды;

жолдун туурасы 12–16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;

жалпы калыңдыгы 11 см болгон эки катмар асфальт төшөлдү;

жаңы бордюрлар жана жол белгилери орнотулду.

Алдыдагы иштер:

туурасы 3 метр тротуар куруу;

туурасы 2 метрлик веложол куруу;

көчөнүн эки тарабына сугат каналдарын салуу;

жашыл зона түзүү;

аялдамаларды орнотуу жана көчөнү жарыктандыруу.

Эске салсак, келишим боюнча реконструкцияны аяктоо 2025-жылдын 30-октябрына белгиленген. Бирок шаар тургундарына ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында иштер мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү.

Последние новости