www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында жаңыланган кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Токмок шаарынын 3-кичи районунда капиталдык оңдоодон кийин кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Буга чейин КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 1-3-кичирайондордун ортосундагы сейил бактын курулушу менен таанышуу боюнча иш сапарынын алкагында, балдар төрагага учурдагы футбол аянтчасын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жыйынтыгында Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен ири оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында футбол аянтчасы толугу менен оңдолду:

• заманбап жасалма газон төшөлдү;

• тосмо торлору алмаштырылды;

• аянтка таманташ (брусчатка) төшөлдү;

• жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү — карагайлар жана гүлдөр отургузулду.

Мекеменин ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев балдарга футбол топторун жана спорттук форма белекке берди, ошондой эле аларга жакшы каалоо-тилектерин айтып, спорттун жана жаш муундар үчүн сергек жашоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Балдардын жана жаштардын сергек жана активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүү – биздин артыкчылыктуу милдетибиз. Мындай спорттук объекттер өсүп келе жаткан муунду өнүктүрүүгө жана шаардыктардын ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт", — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Кичи футбол аянтчасынын ачылышы райондун жашоочулары үчүн маанилүү окуя болду. Азыр балдар жана жаштар спорт менен машыгуу үчүн заманбап жана ыңгайлуу жайга ээ болушту.

Последние новости