www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Непалды карагылачы….», «Францияны карагылачы…», «Украинаны карагылачы….» «Укмуш революция, элдик толкундар болуп атат…» деп, ошол мамлекеттердин дүрбѳгѳнүнѳ суктанып, видеолорун айрым жергиликтүү оппозициялык сайттар жарыялап, аларга кошулуп соцтармакта чалаблогерлер бѳлүшүп, кыргыз коомчулугуна революциялык маанайды жайылткысы келген биздин бузуку туманда жүргѳн кирпи чечен көр пенделерге бир кеп айтат элем….
Ооба, Непалда эмне болуп атканын азыр интернеттеги видеолордон баарыбыз эле кѳрүп атабыз. Эли бийликке нааразы болуп кызыл кыргынга түшүп, бар жогун ѳрттѳп кырылып атышат.
Анын баарын карап отуруп, ѳзүбүздүн тарых эске түштү. 30 жыл жакшы президент тандай албай жүрүп биз да ушундай күндөрдү көргөнбүз. Бирок азыр Кудайга шүгүр, ал доор артта калды. Бул жолкусунда кыргыз эли президент тандоодон жаңылган жокпуз. Мамлекетибиз күндѳн-күнгѳ өнүгүп, алдыга жылып жатат. Президентибиз элдин кызыкчылыгы үчүн күнү-түнү дем албай иштеп, мамлекеттин жүгүн кѳтѳрүп келе жатат.
Ооба. 30 жыл бою бүлдүрѳ турганды бүлдүрдүк, талкалай тургандын баарын талкаладык, ташый тургандын баарын ташып жеп, уурдай турчунун баарын жемкорлор уурдап бүтүштү.
Эми мындан кийин мамлекетибиз элдин байлыгын эч кимге уурдатпайт! Элдин байлыгы эл үчүн гана кызмат кылат. 30 жыл бою зордолуп, чарчап-чаалыгып келген мамлекетибиз, эми ѳнүгүп ѳсүүгѳ гана укуктуу.
Эми Кыргызстаныбыз бир гана ѳркүндѳп ѳнүгүшү керек!
Ал эми жанагы ичтен чыккан ийри жыландардай дагы деле тыбырчылап, айласы куруган «акылмандарга» айтаарым; Муздак сууга жуунуп, сыртка чыгып айланаңарды бир карап, эртерээк эсиңерге келгениңер ѳзүңѳр үчүн эле пайдалуу.
Азыр илгерки заман жок, ал артта калды. Азыр баары башкача: Кыргызстан башкача, эл башкача!
Садыр Жапаров бийлике келгенден бери ѳлкѳдѳ кѳп нерсе жакшы багытка ѳзгѳрдү!
Исмат Бекжанов, журналист