www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакыттарда айрым адамдар тарабынан Кумтөрдө алтын казуу азайып, өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы жогорулады деген билдирүүлөр активдүү таратылууда.
Буга байланыштуу, «Кумтөр Голд Компани» 2025-жылы өндүрүлгөн алтындын көлөмү, анын өздүк наркы жана компаниянын өндүрүштүк-каржылык ишмердүүлүгүнүн башка аспектилери боюнча так маалымат берүүнү туура көрдү.
Баса белгилей кетүүчү жагдай, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти.
2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын өздүк наркы 1 884 долларды түздү.
Ошондой эле өздүк нарктын өсүшүнө дүйнөдөгү акыркы геосаясий окуялардан улам, логистиканын, күйүүчү майдын, реагенттердин, тетиктердин, электр энегриясынын, ж.б. кескин кымбатташы себеп болду.
Мисалы:
– күйүүчү майлар – 50%,
– реагенттер жана химикаттар – 70%,
– оор тоо кен жана көмөкчү техникалардын тетиктеринин баасы 30% чейин кымбаттаган. Ошондой эле логистика кыйындап, мурда үч аптада келчү товарлар үч айда жетип, транспорттук чыгымдар 106% же эки эсе өскөн, электрэнергия 92% кымабттаган.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан 2025-жылы 12 081 кг же 388 418 унция алтын өндүрүлгөн. 2025-жылы бир унция алтындын баасы 2882,7 доллардан башталып, жыл аягында 4 612,95 долларга жеткен жана орточо баасы 3 711 долларды түздү.
Алтын өндүрүүдөн түшкөн жалпы киреше өткөн жылы 1 млрд 434,6 миллион долларга жетип, таза киреше 706 миллион доллардан ашты.
Салык жана башка төлөмдөр түрүндө 246 млн 507 миң доллар которулган.