www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы Куланак ГЭСинин курулушу 2027-жылы аяктап, пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда белгиледи.
Кубаттуулугу 100 МВт болгон ГЭС жылына 435,2 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкталган. Долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана аймактын ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Учурда объектте дамбанын, ГЭС имаратынын жана 6,5 чакырымдык суу жеткирүүчү каналдын курулушу жүрүп жатат. Курулушта 600гө жакын адам эмгектенсе, жай мезгилинде алардын саны 1200гө чейин көбөйөт.
Эрлист Акунбеков жооптуу тараптарга курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Долбоор толук ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга олуттуу салым кошору белгиленди.