www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2026-жылы 268 даана трансформатор сатып алат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү планына ылайык республика боюнча жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы көмөк чордондордо кубаттуулуктарды жогорулатуу боюнча төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлөт:
Жогорку чыңалуудагы 35-110 кВ тармактарында 20 көмөк чордондо күч трансформаторлорунун кубаттуулугу кошумча 256 МВАга көбөйтүлөт. 
Анын ичинде:
• Бишкек шаары — 2 даана;
• Жалал-Абад облусу— 5 даана;
• Ысык-Көл облусу — 5 даана;
• Нарын облусу — 2 даана;
• Талас облусу — 2 даана;
• Чүй облусу — 4 даана.
Керектөөчүлөрдү тейлеген 10/0,4 кВ тармактарында тейлөө сапаттын жакшыртуу  үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жалпы 248 даана трансформатор орнотулат жана кубаттуулугу жогорулатылат. Мунун натыйжасында кубаттуулук кошумча 107 МВАга жогорулайт.

Трансформаторлор төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
• Бишкек шаары — 46 даана;
• Баткен облусу — 22 даана;
• Жалал-Абад облусу — 29 даана;
• Ысык-Көл облусу — 28 даана;
• Нарын облусу — 27 даана;
• Ош облусу — 46 даана;
• Талас облусу — 42 даана;
• Чүй облусу — 8 даана.
Бул иштер тармактагы жабдууларды жаңылап, жүктөмдү азайтууга шарт түзөт. «Кыргызстан УЭТ» ААКсы энергосистеманы заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо иштерин улантат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын күнү-түнү иштеген чалуу борборуна кайрылсаңыздар болот:
• Кыска номер: 105 (чалуу акысыз)
• Тел: +996 772 001209, +996 556 001209
• WhatsApp: +996 702 001209

Последние новости