www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын салык саясаты ишкерлерди колдоого багытталган, ошол эле учурда салыктарды төлөө ар бир салык төлөөчүнүн конституциялык милдети бойдон калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү тобокелчилик критерийлери аныкталган учурда, анын ичинде салыктардын аз төлөнүшү, отчеттордун тапшырылбай калышы же эсеп-фактуралар боюнча мыйзам бузуулар болгондо, ири ишканаларга жыл сайын пландык текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда пландык эмес текшерүүлөргө, анын ичинде укук коргоо органдарынын токтомдоруна ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий киргизилген. Ал өзгөчө ири мыйзам бузуулар боюнча тастыкталган фактылар бар болсо, салык органдары текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Кубанычбек Ысабеков салыктык түшүүлөр мамлекеттик бюджетти калыптандырууда негизги ролду ойнорун белгиледи. Дал ушул каражаттардын эсебинен мамлекет социалдык милдеттенмелерин аткарып, айлык акыларды жогорулатууга, жолдорду курууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«Мамлекет ишкерлерди колдоого даяр, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды берүү жана айрым тармактар үчүн салыктык жеңилдиктерди камсыз кылуу аркылуу да жардам көрсөтүлөт. Ошол эле учурда салыктарды атайылап азайтуу аракеттери келечекте олуттуу финансылык кесепеттерге алып келиши мүмкүн», – деди ал.

Последние новости