www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайнак Үсөн уулу

Жайнак Үсөн уулу Бабановдун НТС каналынан келип, 2019-жылдын 6-мартынан бери КТРКны жетектеп келатат. Орустар айтышат “Ни рыба, ни мясо” дешип, кыргызча болсо “Эт менен челдин ортосунда”. Анткени, буга чейин түптөлүп калган Улуттук телерадиокомпаниясын Жайнак Үсөн уулу жайнатып деле кеткен жок. Ушул жылдын октябрында араң санариптик телеберүүгө жеткен Орусиядан айырмаланып КТРКнын санариптешүүсүнө Оторбаев Кубат жетекчилик кылып турганда киришип, ыраматылык Жумагулов Султандын убагында ишке ашып, Карыпбеков Илимдин убагында каймагын калпып жегенбиз. Бул тууралуу өз алдынча сөз болор.

Бүгүнкү күндө КТРКнын абалы кандай? “Өйдө тартсаң өгүз өлбөсүн, ылдый тартсаң араба сынбасын” кейпине түшүп баратат. Анткени, Жайнак Үсөн уулу  мурунку НТС боюнча “шефи” Бабановдун сөзүн түнкүсүн кунт коюп укса, күндүзү тиешелүү жетекчилеринин сөздөрүн угуп, КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин жетекчиси Жыпар Жекшеев кызматынан кетип барып жатып айткандай, КТРК Коомдук каналга айланбай калды. Ачыгын айтканда, мындай татаал тармагы бар КТРК Бабанов менен бийликтин оюнчугуна гана айланып бараткандай. Бул катаал коркунучту туудурат, анткени парламенттик шайлоолор келатат, эгер көрүүчүлөрүн башка мамлекеттердин элди алып жаткан теле берүүлөрүнө алдырып койсо, КТРКнын шайлоодо боло турган касиеттери түшүп калары белгилүү.

Мурун кыргыз эли жалдырап жалгыз эле бир чети улуттук намыс, экинчиден башка көрө турган канал жок КТРКны көрүүгө аргасыз эле, бүгүн санариптештирүүгө өтүп каалаган каналын көрүүгө кыргыздардын да мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктанбы, КТРК дайым көрүп келаткан электоратынан айрылып бараткандай. Айрыкча, спорт жаатында. КТРК тарабынан Жайнак Үсөн уулу жана Бабановдун эсебинен эмес, элдин эсебинен бир топ каналдар түзүлгөн, ошолордун бири спорт каналы. Мурун Арипова Көкүл жетектеп аны жарамсыз экен деп кетиришкен, бүгүнкү жетекчиси эмнеге жарап жатканы деле белгисиз. Дүйнөлүк спорттун эчак эл көрүп тажап бүткөн берүүлөрүн алып элдин башын айлантышат. Көрүүчүлөр деле жаңы, заманбап көрүүлөргө муктаж, ошондуктан орус тилинде болсо да башка каналдарды көрүүгө аргасыз. Улуттук телеканалдарыбыз учурда Жайнак Үсөн уулунун жасакерлигинен улам аксап бараткандай.

Карыпбеков Илим Майрамбекович жана Жумагулов Султан

Атамбаевдин сүйүктүү “балашкасы” Илим Карыпбеков маркум Жумагулов Султанды Ак үйгө жамандап барып жатып 2015-жылы анын ордун алган. Илим Карыпбековдун ушакчыларынын айтуусунда, Жумагулов Султан Монголияга барып алып арактан башы чыккан эмес. Эми жер жамандап барбасын, эгер Илим Карыпбековдун айткандары чын болсо, кийин Султан мырза Кыргыз Республикасынын маданият министри болмок эмес. 2014-жылы ал бекер жерден КТРКга келген эместир же Илим Карыпбеков ойлогондой камокту аңдып гана келгенби? Жумагулов Султандын арты кайырлуу болсун, ал эми 2019-жылы КТРК жетекчилигинен кеткен, кечээки Малеванаянын кадры Илим Карыпбеков кызматынан кетсе да, мурду кызматтан кетпей койду. Анткени, анын мурду өтө жыт сезгич, өзүн гана эмес, элге акыл үйрөтө турган таенесин саясатка аралаштырган. Эми Атамбаевди боктоп,  азыркы бийликти мактаса, Илим Карыпбеков кызмат үмтөтүп жатат деген ой кетет экен.

Оторбаев Кубат Табылдиевич

2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн тиреги катары Оторбаев Кубат КТРга келип, бул жерди коомдук каналга айлантам деп талпынып чыккан. Кубат мырза кубаттанып кетип шайлоолордо өзү дикторго айланып, ток-шоуларда курсагын ток кылганы менен КТРК коомдук каналга айланбай калганын азыр кызматынан кетип жаткан Жыпар Жекшеев жылымык сөздөр менен айтып жатат. Албетте, Оторбаев Кубат “Кыргызстан” партиясы менен “Аюга” минип омбудсмен болуп өз оокатын өтөп жүргөндүр, ал эми Жекшеев мен КТРКны коомдук каналга айланта албай кызматынан кеттим дегени жалган. Анткени, Жекшеев Атамбаев десе желпинип калган кадр. Ага салыштырмалуу Отунбаеванын учурунда КТРга келсе да Оторбаев Кубат 2014-жылы Атамбаевдин ачуусуна тийип куугунтукка кабылган.

Бакиевдин заманындагы КТР жетекчилери

Абдырахманов Султан 2005-жылдан 2006-жылга чейин, Молдокасымов Кыяс 2006-жылдан 2007-жылга чейин,  Эшимканов Мелис 2007-жылдан 2009-жылга чейин, Орозбай кызы Кайыркүл 2009-жылдан 2010-жылга чейин.

Элге эсте калганы “Асабаны” асырап, ал соттолгон соң “Агымды” актырган Эшимканов Мелис. Ал КТРга реформа жасоо үчүн катуу чамынган. КТРдеги журналисттерди  кыскартып жүздөгөн адамдарды кызматтан бошотуп, өзү жүдөп калган. Анткени, ал “Агымды” жетектеп турганда “Агым” болбой эле “Чагым” болуп калды деп көп сындап жүргөн ушул саптын авторуна көмөк көрсөтүүнү суранып, “Эшимканов Мелистин элиталык маалымат мектеби” деген аналитикалык ой-жүгүртүүлөр жазылып, ал Эшимкановдун маалымат булактары аркылуу чоң резонанс менен тараган. Андан соң ал ЦАРИИге кетип, 2010-жылдагы революциядан соң өзүн-өзү люстрациялап жүрүп көзү өтүп кетти.

Акаевдин заманындагы КТР жетекчилери

Мусаев Сыртпай Жолдошевич (2004 - 2005), Айтикеева Токтобүбү (2002 - 2004), Мамбетакунов Молдосейит (2001 - 2002), Карыпкулов Аманбек (1996 - 2001), Матисаков Абдиламит (1994 - 1996), Өмуркулов Кадыркул (1993 - 1994), Казаков Түгөлбай (1992 - 1993), Жээнбеков Сатыбалды (1991 - 1992).

Жээнбеков Сатыбалдынын жүрөктүүлүгүнөн унитазын чыгарып ГКЧПдан качууга даярданып жаткан президент Аскар Акаев Ельциндин далдоосуна жашынууга мажбур болгон. Партия идеологу Карыпкулов Аманбек КТРга “кара жашик” деген наам алып берген. Казаков Түгөлбай обончу катары Акаев убагында да оболоп барган. Калгандары Акаевди мактап-жактап турган “кол балдары” болгон.

Советтик КТР жетекчилери

Орозова Умтул Шейшеевна (1986- 1991), Стамов Асанбек (1985 - 1986), Токомбаев Асанбек (1964-1985), Ботоканова Айымбүбү Умаровна (1961 – 1964), Менсеитова Рабия (1957 - 1961).

Токомбаев Асанбектин дүбүртү алыстан угулат. Бул адам хансарай салууга умтулбай КТРда кадрларды көтөрүүгө жасаган аракети үчүн жыйырма бир жыл иштеп, далай мыкты кадрларды көтөрүп келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости