www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Крымда Ан-26 аскердик-транспорттук учагы кырсыкка учурап, экипаждын алты мүчөсү жана 23 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги 1-апрелде билдирди. Аскердик ведомствонун маалыматы боюнча, учак менен байланыш 31-марттын кечинде, саат 18:00 чамасында үзүлгөн.
"Издөө-куткаруу тобу Ан-26 учагы кулаган жерди аныктады. Окуя болгон жерден алынган маалыматтарга ылайык, учактагы алты экипаж мүчөсү жана 23 жүргүнчү каза болгон", - деп билдирди министрлик.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн", - деп билдирди Коргоо министрлиги.
"Интерфакс", "РИА Новости" жана ТАСС булактары учак жарга урунганын билдиришти.