www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 20 даана машинка сатып алуу үчүн өкмөт башчынын резервдик фондунан 3 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 10 машинка Бишкектеги мектепке берилсе, калган 10у Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернатына берилери айтылды.

Perkins Brailler Classic машинкалары Брайл арибинде жазууну системалуу түрдө окутууга, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, майда моторикасын жана концентрациясын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Последние новости