www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы «Кристалл» заводунун өнөр жай аянтчасында топтолгон химиялык заттарды жоюу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты, деп билдирди «Росатом».
«"Кристалл" заводундагы кырдаал экологиялык көз караштан алганда татаал бойдон калууда жана комплекстүү чечимдерди талап кылат. Биздин биринчи кезектеги милдетибиз – Таш-Көмүр тургундарынын ден соолугуна болгон тобокелчиликтерди жоюу жана бул аймактагы өзгөчө кырдаал режимин токтотуу», - деди өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев.
Анын айтымында, белгиленген мөөнөттө аянтчаны коопсуз абалга келтирүүгө мүмкүндүк берген технологиялык стратегия аныкталды.
Биринчи баскычтын жүрүшүндө заводдун аймагында жайгашкан технологиялык жабдыктар коопсуз экологиялык абалга келтирилет. Жумуштарды суук мезгилде гана жүргүзүү, ошондой эле жабдыктарды ачкандан кийин аба киргизбей, газ аралашмасын чыгаруу процессти коопсуз өткөрүүнү камсыздайт жана атмосферага компоненттердин учуп чыгуу тобокелчилигинин алдын алат.
«Таш-Көмүрдөгү маселени чечүү үчүн "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын ишканасы болгон ФГУП "ФЭО" эксперттери 8 түрдүү зыянсыздандыруу технологиясын иштеп чыгып, эң натыйжалуу жана коопсуз чечимди тандашты. Биз аварияга каршы коргоонун кош контурун куруп, ар бир баскычта көз карандысыз мониторингди камсыз кылабыз», - деди «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын экология чөйрөсүндө мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашыруу боюнча дирекциясынын директору Андрей Лебедев.
Сунушталган технологиялык регламент учурда Улуттук илимдер академиясында каралууда.
Булак: АКИpress