www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан тиешелүү каршы чалгындоо иш-чараларынын алкагында Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Сары-Ой айылы, Озерная көчөсү, 1/2а дарегинде жайгашкан идентификациялык коду бар мамлекеттик имараттарды жана жер тилкелерин (мурда «Жалын» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексине таандык болгон) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, «маалыматтык эсепке алуу журналынын» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында аталган жер тилкелеринин 4,82 гектары «Кыргыз лифт» ААКга (жетекчиси «Н.В.Г.») карамагында экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча «Кыргызлифт» ААК өз ыктыяры менен жана акысыз негизде аянты 4,82 га жер тилкеси менен «Жалын» балдар ден соолукту чыңдоо комплексин, ошондой эле жалпы аянты 4 614,8 чарчы метрди түзгөн имараттарды жана курулуштарды мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

Последние новости