www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун А. Масалиев айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында жайгашкан №43 Бабур атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кадамжай РИИБдин Айрыбаз милиция айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, Кадамжай РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Баткен ОИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга жол кыймылынын эрежелери боюнча кеңири маалымат берилип, жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү, жолдун четинде эрежелерди так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле ата-энелерге айдоочулук күбөлүгү жок жарандардын автоунаа башкаруусуна жол бербөө тууралуу эскертүүлөр айтылды.

Мындан тышкары, зордук-зомбулук, кибер кылмыштуулук жана алардын алдын алуу боюнча кеңири профилактикалык маалыматтар берилди.

 

Последние новости