www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Төмөндө тексти толугу менен:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Учурда унаалардын не бир түрлөрү чыгып, ар кандай техника каражаттары жеткиликтүү болуп калбадыбы. Тилекке каршы, төмөндөгү видеодо көрүнгөндөй, өлкөбүздүн булуң-бурчунда квадрациклдер менен тоо боорун тытмалап, чөптөрдү тыптыйпыл кылып жаткан учурлар өтө көбөйдү.
Аны айдагандар – өзүбүздүн эле балдар. Ооба, туристтер деле бар, бирок көпчүлүгү – өзүбүздүн эле жарандар.
Бир гана квадрацикл менен эмес, жолтандабас унаалары менен жайыттарга чейин чыгып кеткендер да арбыды.
Тоо-ташка кеткен жолдор турса, көк шиберлерди тебелеп, каршы-терши жол салып, жайыттардан бери талкалап жатышат.
Мындан улам, ички иштер министри менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадрациклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айып пул салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бердим.
Жайыттарды, көк чөптөрдү квадрацикл, унаалар менен тебелетпөө боюнча ишти жогоруда аталган эки министрлик эле эмес, жергиликтүү бийлик органдары дагы алып барууга тийиш.
Машине болобу, квадрацикл болобу жолдор менен гана айдалышы керек.
Тоо-ташка чыгып, эс алганы баргандарга кайрыларым:
унааларыңарды жол менен эле айдап, жол түгөнгөн жерден түшүп, жөө эле бассаңыздар же болбосо унааңарды жол жээгине токтотуп, ат миниңиздер.
Бул маселе өлкө боюнча массалык мүнөзгө ээ болуп бараткандыктан, айла жок, сиздерге кайрылууга туура келди.
Ата-бабаларыбыздан таберик болуп мураска калган кооз табиятыбызга аяр мамиле жасайлы. Кийинки муунга, урпактарыбызга тоо-ташыбызды, жер-сууларыбызды кемитпей, коротпой, бузбай, таза сактап өткөрүп берели, деп жазылган президенттин кайрылуусунда.