www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 2-октябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү.
2026-жылы Бишкек шаарында ШКУ саммитин, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин натыйжалуу координациялоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жалпы жетекчиликти Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге жүктөдү.
Мындан тышкары, уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Анын мүчөлөрүнө уюштуруу, протоколдук жана башка даярдык чараларын камтыган негизги иш-чаралардын планын даярдоо тапшырылды.
Ошондой эле уюштуруу комитетинин Төрагасы компетенттүү министрликтерге коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, меймандостуктун жогорку деңгээлин камсыз кылуу, ошондой эле керектүү инфраструктураны өз убагында куруу жана модернизациялоо боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.