www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—Сиз Жээнбеков менен Атамбаев экөөнө эмне себептен каршы болуп жатасыз? Буга чейин бир тарабын колдоп келбедиңиз беле?
—Экөө тең мага жакшылык кылышкан. Жамандык кылышкан эмес. Бирок мен маалыматты көпчүлүк анчалык түшүнө бербеген "жогорку" жактан алам да. Ошол жакта биздин төрөлө элек балдар бар. Мен алган маалымат боюнча кыргыз элине Атамбаев баштаган саясатчылардан, мисалы, Иса Өмүркулов, Туйгуналы Абдыраимовдорго окшогондордон, керек болсо азыркы бийликтен да толугу менен кутулмайынча жакшы болбойт. Булар эски болуп калды. Бизге жаңы күч, жаңы энергия керек.
Атамбаевдин азыр башына мүшкүл түшүп, санаалаштары камалып жатат. Бирок мен Атамбаевдин жашоосунан түрмө көргөн жокмун деп буга чейин айткам. Ошол сөздү дагы кайталайм.
Мен ыймандай сырымды айтайын, Атамбаевди ыйыктай сезип, катуу колдогом. Ал кишиге мен учурунда катуу ишенгем да. Ал киши: "Мелис элди мындай кылабыз, мамлекеттин мындай жол менен өнүктүрөбүз"- деп укмуш ишендирип айтчу да. Мен ошого ишенчүмүн. Мамлекет бир топ алдыга кетет го дечү элем. Уурдабайт деп ойлогом. Бирок иш жүзүндө көрүп жатпайбызбы, эл да ал кишини жакшы көрбөй калды. Мунун бир эле жообу бар. Анекдотто айтылат го: "командир атын минип коюптур" деп. Болду. Элди ушунча алдаган Атамбаевди эл кечиреби? Эч качан кечирбейт. Бирок Жээнбековду Атамбаевдин достук тузу урушу мүмкүн. Бул да оңой эмес. Жээнбеков Атамбаев досун абакка олтургузса, эл ыраазы болмок. Бирок ага күчү жетпейт. Күзүндө деле эч нерсе болбойт. Элди көтөргүсү келет чыгаар. Бирок эл эми аны колдобойт. Андан аркысы түшүнүктүү да.
(уландысы бар)
Булак: Багыт.кж гезити