www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте “Датка-Кемин” электр чубалгысын курууга алынган Кытай насыясынын тагдырын иликтөө демилгеси көтөрүлүүдө. Бул маселени КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев көтөрүүдө. Ал саясий келишпестиктерден улам жакында КСДП партиясынын катарынан чыгарылган эле, бирок парламенттеги КСДП фракциясынан азырынча чыгарыла элек. Рыспаев аталган долбоорго Кытайдан алынган насыяны пайдаланууда жемкордук иштери болгон деп шек саноодо. Андыктан ал долбоорго кеткен каражаттын максаттуулугун иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү керек деп эсептейт. Анын бул демилгесин Атамбаевге карата демарш катары эсептегендер да жок эмес, бирок аталган маселе ансыз деле ар тараптан көтөрүлүп келатканы белгилүү болчу.

Буга чейин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн долларды иштетүүдө кыргыз бийлигинин үлкөн чиновниктери ири жемкордукка малынышканы аныкталган. Ал долбоорду ишке ашырган кытайлык ТВЕА компаниясы өз баасынан эки эсе ашыра жазылган сумманы максатсыз пайдаланганы, бул кылмыштуу иштерге Кыргызстандын башкы жетекчилери тыгыз катышканы белгилүү болгон. Окуя боюнча бир нече кылмыш иштери козголуп, премьер-министрлер баш болгон 15тей ири чиновниктер камакка алынган. Алардан тышкары, ТВЕАдин Кыргызстандагы өкүлү да кыргыз чиновниктерин паралаган деген айып менен камакта отурат.

Ал эми “Датка-Кемин” долбоорун да так ушул ТВЕА компаниясы ишке ашырган. Анын суммасы 389 млн доллар, Кытайдын Эксимбанкынан алынган. Бул долбоорду экс-президент Алмазбек Атамбаев өз президенттиги тушундагы эң ири жетишкендик катары баалап келген. Бишкек ТЭЦиндеги чырдан кийин Башкы прокуратурага “Датка-Кемин” долбоорун териштирүү тапшырылган.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда чет элден алынган ири суммадагы насыялардын дээрлик баарында жемкордуктун изи табылып келет. Болгондо да ал издер А.Атамбаевдин жакын тегерегине барып такалат. Алардын айынан анын жакын санаалаштары менен ишенген кадрлары учурда биринин артынан бири камакка киргизилүүдө. Коомчулукта “Датка-Кемин” менен Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунда да бааларды эки-үч эселеп ашыра жазуу, Ак үй менен Көк үйдөгү жетекчилердин жемкордукка малынышына шектенүүлөр күч.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу учурунда ири мыйзам бузуулар көп катталгандыктан жана аларга анын катышы бардыгы шек жаратып жаткандыктан Атамбаевдин экс-президенттик статусунан ажыратып, жоопкерчиликке тартуу демилгеси көтөрүлүп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости