www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир нече кылмыштар боюнча айыпталып, соту Чубактын кунундай созулган мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев тууралуу адилеттүү чечим кабыл алынчу мезгил келди окшойт.
Мурдагы бийлик тушунда анын үстүнөн үстөк-босток арыз түшкөнүнө карабай, шоопур-жансакчылар коргоп келгени белгилүү. Эми болсо Кадыралиевдердин кылык-жоругунан тажап бүткөн жердештери президент Сооронбай Жээнбековдон калыс чечим күтүп, ишенимден кеткен сотторду бул ирет катуураак көзөмөлгө алаар деп үмүттөнүп турушат.
Жаңы бийлик келгенден кийин деле Канжар Кадыралиевдер камалбай, чартаңбай тээп эркиндикте жүрчү болсо, эл үмүтү заматта сууп калаарын президент жана анын тегереги деле аңдап тураар.
Ишкерлерди тоногондор темир тор артына кетсе, президенттин кадыры эселеп өсөөрү турган иш.
Булак: "Фабула"