www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо маалында партиялар кыргыз элине кыялыңа да келбей турган убадаларды беришет. Кайсы бирин эстеп калаарыңды билбей башың тегеренет. Алардын көбү Жогорку Кеңешке өтүп алаары менен убадалар, куру ураандар кагаз беттеринде саргайган бойдон кала берет. Мына ушундай убада берип жалаң капчыктууларды катарына чогултуп, өлкөнүн атын коюп “Кыргызстан” деп аталган партия шайлоого аттанган эле. Бул партиянын кожоюну катары «алкомагнат» Шаршенбек Абдыкеримовдун аты аталган. Акча менен «арак» жыттанган партиянын ошондогу убадаларын тизмектеп көрсөк дедик.
Мандаттын «ыры» менен чыры
Шайлоонун «ыры» бүтпөй жатып Жогорку Кеңешке өттү деген партиялардын ичинен «Кыргызстан» фракциясынын чыры дароо башталган. “Мага мандат берилип кайра алып коюшту, депутаттыкка өткөргөн жок, мынча миң доллар бергем” деп бири-биринин бет кабын сыйрып, акча менен добуш алып келгенин өздөрү айтып чыгышкан. Бирок, акчасы кеткенин уруп ойнобогон партиянын лидери Канат Исаев ЖКнын босогосун аттаган «Кыргызстан» фракциясы 2-3 депутаттын мандатын «каракүч» менен тартып алганы эсибизде. Бизди таң калтырганы 2015-жылдын июнь айында түзүлүп, күзүндө жеңишке жетип мандатка ээ болгон 6 партиянын үчүнчүсү болуп келген.
Булак: "Де Факто"