www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чоң-Алай районундагы 6600 метр бийиктиктеги Корумду чокусунда үч чет элдик альпинист дайынсыз болууда. Алар — Беларусь Республикасынын жарандары Максим Полянский жана Николай Свиридов, ошондой эле Литванын жараны Сергей Рубцов.
Альпинисттер Кыргызстан, Кытай жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен аймактагы Корумду чокусуна татаал каттам менен чыгууну пландашкан. Алар 20-июлда Ошко келип, андан соң Кызыл-Суу дарыясынын капчыгайындагы маршруттун баштапкы чекитине жетишкен.
27–28-июлда альпинисттер биринчи лагерден чыгып, координаттарын билдиришкен. 30-июлда алар 5600 метр бийиктикте болушкан. 1-августта үчөө Корумду чокусунун түндүк кыркасы аркылуу чокуга чыгышкан. Алар менен акыркы байланыш 2-августта болгон. Ошол учурда альпинисттер маршрутту аяктап, 4-августта саат 10:00дө кайра артка түшүүгө даяр болушарын билдиришкен.
Бирок 4-5-августта алдын ала макулдашылган жерге айдоочу эки жолу барганына карабастан, альпинисттер ал жерге келишкен эмес. Ошондон кийин аларды издөө-куткаруу операциясы башталган.
Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатовдун айтымында, дайынсыз болуп жаткан альпинисттер тажрыйбалуу жана кесипкөй спортчулар. Алардын арасында «Ак илбирс» наамына ээ болгон эки беларус альпинисти бар.
Издөө иштерин аба ырайынын начардыгы — туман, жамгыр жана кар жаашы кыйындап жатат. Учурда альпинисттерди издөө үчүн дрон жана атайын жабдуулар тартылган. Алардын так жайгашкан жери аныкталгандан кийин куткаруу операциясын жүргүзүү пландалууда.
Издөө-куткаруу иштерине ӨКМ, ИИМ, Чек ара кызматы, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жана коомдук куткаруу кызматтары тартылган.