www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коргоо министрлиги Кантта жайгашкан орусиялык авиабазанын Су-25 учагынан ок-дарылардын түшүүсү боюнча окуянын чоо-жайын билдирди.
Малыматка ылайык, 2026-жылдын 31-мартында, болжол менен саат 17:25те, Ысык-Көл районунда окуу-тажрыйба учактарынын курал-жарактарын колдонуу менен машыгуу учуулары учурунда, эки ок-дары түшүп кеткен. Алар бош аянтка түшкөн. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Министрлик Орусиянын Аэрокосмостук күчтөрүнүн командачылыгы атайын комиссия дайындоо чечимин кабыл алганын, анын жакында келиши күтүлүп жатканын белгиледи.
Андан тышкары, Коргоо министринин чечими менен окуянын себеби аныкталганга чейин машыгуу учуулары токтотулду.
Коргоо министрлиги кошумчалагандай, бул боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатат, ал эми Аскердик прокуратура окуя боюнча иликтөө баштады.
Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун үстүнөн учуп бараткан аскердик учактан ок-дарылардын түшкөнү кабарланган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул окуя 31-марттын кечинде Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылынын жогорку бөлүгүндөгү талаалардын үстүнөн болуп, эки кратерди пайда кылган. Жабыркагандар жана каза тапкандар болгон эмес.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя катталганын жана материалдар Аскердик прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирген.