www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 29-июнда Нью-Йорк шаарында башталган Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында “Терроризмден эркин келечек: мүчө мамлекеттердин лидерлиги жана аракеттери аркылуу террорчулукка каршы күрөштө көп тараптуу кызматташтыкка глобалдык умтулууну чыңдоо” деген ураан менен өтүп жаткан төртүнчү Жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда.
БУУнун трибунасынан сүйлөгөн Адилет Орозбеков катышуучуларга Кыргызстанда террордук жана экстремисттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде алгачкы этаптарында алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди.
Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, Кыргызстан бул багытта мыйзамдык чараларды жана калкты, өзгөчө жаштарды радикалдашуудан алдын алуу иштерин айкалыштырган комплекстүү ыкманы жүзөгө ашырууну улантууда. Ал коомдун туруктуулугу укук коргоо органдарынын аракеттери менен гана эмес, билим берүү, агартуу, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо жана жарандардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна шарт түзүү аркылуу да камсыздалаарын баса белгиледи.
Мындан тышкары, өлкө куралдуу жаңжал болгон аймактардан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо жана коомго кайра аралаштыруу иштерин терроризмдин алдын алуунун жана мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун маанилүү бөлүгү катары карайт.
Ошондой эле Адилет Орозбеков Кыргызстан кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүп жатканын белгиледи. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда 2026–2030-жылдарга арналган Кыргыз Республикасынын тиешелүү Улуттук стратегиясынын долбоорун даярдоо иштери жигердүү жүрүүдө.