www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Канал-Янтарь жээги” аталышындагы эл аралык операциянын жүрүшүндө психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу каналына бөгөт койду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарында баңгизаттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз мыйзамсыз сатуу менен алектенген бир нече жаран кармалган. Алардын кылмыштуу аракеттери иликтөө учурунда аныкталган.
Андан аркы тергөө иштеринин жүрүшүндө уюштуруучу катары 1972-жылы туулган жаран аныкталып, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.
Натыйжада ири көлөмдөгү психотроптук заттар жана болжол менен 2 млн 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты алынды.
Алынган заттардын жалпы баасы 12 миллион сомго жакын экени белгиленди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.
ИИМ мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөш күчөтүлөрүн белгиледи.