www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-апрелинде «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Тариэль Отонбаев Каракол шаарында жана Жети-Өгүз районунда машыгуунун өтүшүн текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө башкаруу органдарынын иш-аракеттери, тартылган аскердик жана жарандык объекттер, ошондой эле Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү каралды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын ыкчам штабынын жайгаштырылышы, ыкчам штабдардын иши, окуу-материалдык базанын абалы жана оорук камсыздоонун уюштурулушу, анын ичинде машыгууга катышуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуу Каракол шаарынын мэриясында жана Жети-Өгүз районунда текшерилди.

Последние новости