www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү Кыргызстанда Кытай жарандарына байланышкан ар бир жаңжал коомдук мейкиндикте тез курчуп, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Константиновка айылындагы айдоочулар ортосундагы жол жаңжалы саясий өңүт алып, чыңалуунун очогуна айланып кете жаздады. Дал ушундай жагдайда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коомчулукка жасаган кайрылуусунда маанилүү эскертүү менен чыкты.
Байсалов өз сөзүндө коомду бөлүп-жарууга багытталган антикытайлык чакырыктар кокустан пайда болуп жатпаганын белгиледи. Анын пикиринде, айрым топтор Кыргызстандагы туруктуулукту солгундатып, коомдук пикирди манипуляциялоого кызыкдар.
Ал Кытайларга каршы маанай тууралуу Пакистандагы жагдайды мисал келтирип, инвестициялык климат бузулуп, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жабылып калганын мисал келтирди.
Эске сала кетсек, Чүйдөгү окуяда эки компаниянын айдоочулары ортосундагы жол талаштан башталган жаңжалдын арты милициянын кийлигишүүсүнө алып келди. 44 киши бөлүмгө жеткирилип, 16сы кармалды. Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын ИИМ да, ТИМ да окуяны укуктук талаада кароо зарылдыгын баса белгиледи.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да кырдаалга карата түшүндүрмө берип, Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык жарандар мыйзамдуу эмгек визасы менен жүргөнүн, мөөнөтү бүткөндөр талапка ылайык өлкөдөн чыгып кетиши керектигин билдирди. Мыйзам бузгандарга карата депортация чаралары колдонулары да эскертилди.