www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Норвегия Украинага Европалык Союз сунуштап жаткан «репарациялык кредитке» толук кепилдик берүүдөн баш тартты. Финанс министри жана НАТОнун мурдагы жетекчиси Йенс Столтенберг билдиргендей, Норвегия 1,6 триллион норвегиялык крон (158 млрд доллар) өлчөмүндөгү толук жоопкерчиликти өз мойнуна алууга даяр эмес. Азыр өлкө ЕС сунуштаган шарттарга жараша гана чектелген катышууну караштырууда.
Бул механизмдин маңызы Украинага акча «насыя» түрүндө берилип, анын камсыздоосу катары келечектеги Россия төлөйт деген «репарациялар» көрсөтүлөт. Бирок юридикалык жактан бул схема талаш жарткан түйүндүү маселе. Анткени европалык юристтер тоңдурулган орусиялык активдерди сот чечимисиз колдонуу эл аралык жана европалык мыйзамдарга каршы келет деп эсептешет.
ЕС ичинде да бирдиктүү пикир жок. Бельгиянын премьери Барт Де Вевер октябрдагы саммитте орусиялык активдерди экспроприяциялоо планын токтотуп, декабрга жылдырган. Ал Россия тарабынан жооп чаралары болушу мүмкүн экенин жана Бельгияга компенсацияны ЕСтен жазуу жүзүндө талап кылган.
Москва бул аракеттерди «каражаттарды уурдоо» катары баалап, европалык компанияларга каршы тез жана катуу чара көрөрүн эскерткен.
Норвегиянын каршылыгы жана ЕС ичинде талаштар, биримдик маселесинде олуттуу тобокелдиктер бар экенин көрсөттү.