www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы 15-ноябрда милицияга Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында Э.Б. аттуу эркек кишиге кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү түшкөнүн тастыктады. Ал оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, ошол эле күнү саат 19:30 чамасында каза болгон.

Милиция шектүүлөрдү тез арада аныктады. Алардын арасында эки укук коргоо кызматкери болгон:

– 1997-жылы туулган К. Ж., милициянын сержанты;

– 1997-жылы туулган Р. С., милициянын сержанты;

– 1997-жылы туулган А. А. жана 2005-жылы туулган К. М.

"Ден соолукка оор залал келтирүү" 130-берене боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

16-ноябрда бардык шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости