www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы Күндө эң жогорку X класстагы жарылуу катталганын жарыялады.
Андагы маалыматта: "Күндөгү жарылуунун деңгээли X8.11ди түздү. Азырынча Жер түз соккулар аймагында эмес", - деп айтылат.
Маалыматка караганда, бул быйылкы жылдын башынан бери ушундай масштабдагы үчүнчү учур. Буга чейин эң жогорку класстагы эки жарылуу 18-январда жана 1-февралда катталган.
Күчтүү магниттик бороон кыска толкундуу байланыш жана навигация системаларынын ишине, ошондой эле өнөр жай тармактарындагы чыңалуунун бузулушуна себеп болушу мүмкүн.
Булак: NazarNews