www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 

 Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди 5-июнь – Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Дүйнө жүзү боюнча жаратылыштын, климаттын өзгөрүүсү бүткүл адамзатты ойлондурган, санааны санга бөлө турган маселе болуп калды. Атлантикадагы Гольфстрим агымынын өзгөрө баштаганы, жер шарынын Түндүк жана Түштүк уюлдарындагы, асман тиреген тоо кыркаларындагы муздар мурдагыдан көбүрөөк эрип жатканы, океандардын, деңиздердин, көлдөрдүн, дарыялардын синтетикалык заттар менен булганганы замандын өтө курч маселеси болуп, натыйжада бул абалдан чыгуу үчүн дүйнө элдери биригип аракет жасоо зарылдыгын түшүнүп, жаратылышты сактоо боюнча келишимдерди түзүшкөн.  

Азыркы мезгилде 2015-жылы кабыл алынган Париж келишимин ишке ашырып жатабыз.

Быйыл Астанада болгон экология боюнча регионалдык саммитте урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров белгилегендей Кыргызстандын үлүшүнө глобалдуу көмүр кычкыл газынын болгону 0,03 пайызы гана туура келет, бирок биз ага пропорционалдуу эмес көбүрөөк милдеттенме алганбыз.

Глобалдуу экологиялык өзгөрүүлөр Кыргызстандын жаратылышына олуттуу таасир тийгизүүдө. Мөңгүлөр 16 %га азайды, Ысык-Көлдүн  суусунун деңгээли акыркы он жылдыкта 14 метрге төмөндөдү.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында климаттык башкаруунун укуктук жана институттук негиздери бекемделип, климаттык ишмердүүлүк боюнча улуттук саясатты ишке ашырууга багытталган жаңы механизмдер киргизилүүдө.

Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте парник газдарынын эмиссияларын азайтуу, жашыл технологияларды жайылтуу жана климаттык туруктуулукту жогорулатуу боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда.

Өлкөбүздүн демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму тарабынан  2023–2027-жылдар Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган. Бул демилге тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, тоо экосистемаларын сактоо жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.

Кыргызстандын жаратылыш байлыгынын өзөгү болгон мөңгүлөрдү, токойлорду, жайыттарды, биологиялык ар түрдүүлүктү жана суу ресурстарын сактоо биздин жалпы милдетибиз болуп саналат.

Өлкөбүздүн символдорунун бири болгон ак илбирсти коргоо боюнча иштер да өзгөчө көңүл борборунда калууда. Бул уникалдуу жаныбар кыргыз элинин жаратылышка болгон аяр мамилесинин жана экологиялык жоопкерчилигинин белгиси болуп саналат.

Ошондой эле «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгү ийгиликтүү улантылып, өлкөнүн бардык аймактарында жыл сайын миллиондогон көчөттөр отургузулуп жатат.

Ушул багыттагы көрүнүктүү жетишкендиктерибиздин бири болуп борбор шаарыбыздагы абанын булганышын азайтуу болду. Шаарды газ менен камсыз кылып, дизель майы менен иштеген бусиктерди газ жана электр менен иштеген заманбап автобустар менен алмаштыруу шаар калкын таза аба менен камсыз кылууга, чаңдан, түтүндөн жана башка зыяндуу заттардан арылууга шарт түздү. Кара түтүн каптаткан көмүрдү сапаттуу, ири көмүр менен алмаштыруу жана көмүрдү жагууну кескин азайтуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлдү.

Ысык-Көлдү таштандылардан, балык кармоочу торлордон тазалоо, санитардык-гигиеналык шартты жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер болду. Көлдүн балыгын жырткычтык менен жок кылууга бөгөт коюлду.

Борбор шаарыбызда таштандыларды иштетип чыгаруу менен бирдикте электр энергиясын иштетип чыгарган заманбап ишкана курулуп, эми тоо болуп үйүлүп жаткан таштандыларды жок кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жаратылышты коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу мамлекеттик органдардын гана эмес, бүтүндөй коомдун жалпы жоопкерчилиги болуп саналат.

Мекенибиздин ар бир жараны экологиялык абалды жакшыртууга салым кошуп, жогорку деңгээлдеги экологиялык маданиятты көрсөтүүгө милдеттүү.

Дүйнө жүзү жана элибиз майрамдап, белгилеп жаткан ушул салтанаттуу күнү экология жана жаратылышты коргоо тармагында эмгектенип жаткан бардык кызматкерлерге, ардагерлерге, окумуштууларга, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана эл аралык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирем.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана берилген эмгегиңиздердин аркасында Кыргызстан өзүнүн жаратылыш байлыктарын сактоо жана климаттык чакырыктарга жооп берүү багытында ишенимдүү кадамдарды жасап келет.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык, жаңы жетишкендиктерди жана өлкөбүздүн жаратылышын сактоо жолундагы ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Майрамыңыздар кут болсун!”.

Последние новости