www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумдун расмий ачылыш аземине катышты.
Ал өз сөзүндө Кыргызстан акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүштү камсыздап жатканын белгилеп, өлкөнүн форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусу жаңы экономикалык байланыштарды түзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү кадам экенин айтты.
Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүк мамилелери бекем экономикалык негизге жана көп жылдык кызматташтыкка таянарын белгиледи. Ал соода алакаларын өнүктүрүү менен катар биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө, өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Ошондой эле ал экономикалык өсүшкө жетишүүдө бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү жана салык-бажы тармагындагы реформалар маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Форумдун экинчи күнүндө Данияр Амангелдиев «Бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы синергия эл аралык мамилелердеги гуманитардык саясаттын натыйжалуу механизми катары» аттуу панелдик сессияга катышты.
Анда ал гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдө бизнес коомчулугунун ролуна токтолуп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон каларын баса белгиледи.
Анын айтымында, мамлекеттин, бизнестин жана коомдун биргелешкен аракети гана туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө жана келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.