www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636-аскер бөлүгүнүн базасында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчылары арасындагы XVII Спартакиаданын алкагында штаттык жана табелдик куралдан ок атуу боюнча чемпионаттын салтанаттуу ачылышы өттү.
Иш-чарага катышуучу командалардын өкүлдөрү жана КМШ өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволорунун аскер кызматкерлери катышты.
Чемпионаттын ачылышында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Кожошев катышуучуларга ийгилик каалап, мындай мелдештер аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга, аскердик-прикладдык спортту өнүктүрүүгө жана КМШ мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Салтанаттуу ачылыш катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик желектерин көтөрүү менен жыйынтыкталып, андан соң командалар мелдештик программаны аткарууга киришти.
Чемпионаттын алкагында аскер кызматкерлери АК-74 автоматынан жана Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча көнүгүүлөрдү аткарып, жеке жана командалык биринчиликтерде жеңүүчүлөрдү аныкташат.