www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги бардык ооруканалар медициналык шаарчага көчүрүлбөй турганын билдирди.
Анын айтымында, тез жардам, шаардык ооруканалар, поликлиникалар жана үй-бүлөлүк медицина борборлору шаар ичинде иштей берет. Ал эми жогорку технологиялык дарылоону жүргүзгөн республикалык үчүнчү деңгээлдеги борборлор шаардын четине көчүрүлөт.
Министр жаңы медициналык шаарча бейтаптардын диагностика, дарылоо жана операция иштерин бир жерде алууга шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле клиникалар айланма жолго жакын жайгашып, бейтаптарга жетүүнү жеңилдетет. Долбоордо бейтаптардын жакындары үчүн жатакана, ыңгайлуу шарттар жана навигация да каралган.