www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй районунун Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүндө суунун ташып кетүү жана жырылып кетүү коркунучун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Кырдаалды көзөмөлдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көлгө атайын ыкчам топ тартылып, анын курамында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргызгидрометтин өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери жана 41 куткаруучу иш алып барды.
Куткаруучулар көлдөгү суунун көлөмүн азайтуу максатында жалпы узундугу 204 метр болгон сифондук түтүктөрдү орнотуп, сууну коопсуз агызуу иштерин жүргүзүштү.
ӨКМ билдиргендей, учурда Көл-Төр көлүнүн ташып кетүү коркунучу жоюлуп, кырдаал көзөмөлдө турат.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асановдун жетекчилигинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте көлдүн абалы текшерилип, алдын алуу жана зарыл иштерди өз убагында жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.