www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21-апрелинде саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүлө турган аймактар: Курманжан Датка көчөсү (темир жол линиясынан Менделеев көчөсүнө чейин); Төкөлдөш конушу темир жол линиясы менен - Ч. Валиханов көчөсү, 2/9 - «Гранд Сити»; Шабдан Баатыр проспектиси - Ауэзов көчөсү - Учкун кичи району, Учкун конушу; темир жол линиясы - Садовая көчөсү - Путепроводная көчөсү - Ч. Валиханов көчөсү.
Суу “ВПУ” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
Эске салсак, “Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып турсаңыз болот.