www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити жана Кыргыз Республикасындагы JICA уюмунун башкы өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Япониянын колдоосу менен Кыргызстанга заманбап медициналык жабдууларды жеткирүү пландалууда. Атап айтканда, жабдуулар Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту үчүн, ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн эки маммографиялык аппаратты жеткирүү каралууда.
Мындан тышкары, жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча демилгелер иштелип чыгууда, анын ичинде Ош областтык бириккен ооруканасы үчүн ангиограф жана Ош онкология борбору үчүн сызыктуу ылдамдаткыч алуу пландалууда.
Белгиленгендей, мурунку жылдары япон тараптын колдоосу менен саламаттык сактоо уюмдарын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылган, анын ичинде Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги мекемелер жана Чүй областынын саламаттык сактоо уюмдары камтылган.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Япония көп жылдардан бери Кыргызстан үчүн саламаттык сактоо тармагында ишенимдүү өнөктөш болуп келгенин белгиледи:
«Биз инфраструктураны өнүктүрүүгө, кадрларды даярдоого жана заманбап ыкмаларды киргизүүгө кошкон салымыңызды жогору баалайбыз. Алдыдагы биргелешкен долбоорлор, анын ичинде гранттык программалардын алкагында, кызматташуубузду кеңейтүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», — деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.