www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-августта борбор калаадагы Көк-Жар конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузууга тоскоол болуп, жолду тоскону үчүн 5 жаран кармалды.
Алар: 1999-жылы туулган Б.М., 1991-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган К.Н., 1990-жылы туулган М.У. жана 1965-жылы туулган А.Ж..
Октябрь РИИБи билдиргендей, жогорудагы 5 жаран №172 контурдагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жолду мыйзамсыз тосушкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кармалгандар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле коомдук тартипти бузгандыгы үчүн РИИБге 17 жаран жеткирилип, аларга карата Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча протокол түзүлдү.
Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесине (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык, жаран 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.