www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз коомунда кылымдардан бери улуттук спорт катары келе жаткан көк бөрү акыркы жылдары коопсуздук маселесинен улам кескин талкууга түштү. Социалдык тармактарда Сүйүнбай кызы Айжаркын президентке кайрылуу жасагандан кийин бул оюндагы көйгөйлөр жана мамлекеттик көзөмөл темасы кайрадан айланышы керек.
Көк бөрүдөгү азыркы абал: адреналинби же адам өмүрүбү?
Көк бөрү күч, шамдагайлык жана тайманбастык талап кылган салттуу мелдеш. Бирок акыркы жылдары төмөнкү терс көрүнүштөр күчөп жатат: улакчылардын оор жаракат алышы, аттардын жаракаттан же күчтөн өлүшү, оюн маалында адам өмүрүнүн кыйылышы.
Атактуу улакчынын жакында каза болушу коомчулук үчүн чоң ойгонуу болуп, бул оюн спорттук маданияттан өтүп, өмүргө коркунуч келтирген даражага жеткенин көрсөткөн сигнал катары кабыл алынды.
Маселенин түп себеби: салт менен заманбап коопсуздук талаптарынын кагылышы
Анализ көрсөткөндөй, учурдагы көйгөйлөр үч негизги багытта топтолууда. Коопсуздук эрежелеринин жоктугу жана оюнду уюштурулган спорт эмес, башкарылбай калган экстремалдуу жарышка айландырып жатат.
Кыргыздар «Ат — адамдын канаты» деген түшүнүк терең тамырлашкан. Бирок оюн учурунда айрым учурларда: атты катуу камчылоо, чарчаган абалда күчкө салуу, жаракат алган атты оюндун аягына чейин чапкылоо сыяктуу көрүнүштөр катталууда. Бул салттын философиясына да, заманбап этикалык нормаларга да туура келбейт. Акчалуу байге чоңойгон сайын атаандаштык курчуп, коопсуздук экинчи планга чыгып, катышуучулар өмүрүн тобокелге салууга мажбур болуп, аттардын жүгү ого бетер артты. Натыйжада оюн спорт эмес, чоң тобокелдикке айланып жатат.
Коомдук реакция: элдин чыдамы түгөнүүдө
Айжаркын Абдыкеримовдун президентке кайрылуусу — бул жеке нааразычылык эмес, жалпы коомдун үнү. Колдонуучулар социалдык тармактарда көк бөрүдөгү кырсыктарды азайтуу үчүн бир катар талаптарды көтөрүп чыгышты, мелдешти заманбап стандартка өткөрүү, коопсуздук эрежелерин киргизүү, медициналык жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, уюшкан структура түзүү.
Бул кайрылуулар салтты жок кылуу эмес, салтты сактап калуу үчүн жаңылоо зарылдыгын билдирет. Көк бөрүнү коопсуз форматка өткөрүү үчүн төмөнкү кадамдар маанилүү: Улуттук деңгээлде көк бөрүнүн регламентин иштеп чыгуу жана мыйзамдаштыруу. Бардык мелдештерде медициналык бригадалардын болушун милдеттүү кылуу. Аттарга катаал мамиле жасаган учурларга административдик жоопкерчилик киргизүү. Улак ассоциациялары, оюнду профессионалдуу деңгээлде уюштуруу. Бул чаралар салтты сактап, бирок адам өмүрүн жана жаныбарлардын коопсуздугун биринчи орунга коюу мүмкүнчүлүгүн берет.
Көк бөрү — кыргыз элинин тарыхый маданий мурасы. Бирок бүгүн адам өлүмүнүн көбөйүшү, жаракаттардын өсүшү, аттарга болгон туура эмес мамиле жана жапайчылык.
Президентке жасалган кайрылуу — бул салтка каршы акция эмес. Бул — салтты цивилизациялуу, коопсуз, заманбап форматта сактап калууга чакырык.
Салт менен заманбап коопсуздуктун ортосунда тең салмак табуу — азыркы талап.
Эске сала кетсек буга чейин Сүйүнбай кызы Айжаркын КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз сунуштайбыз.
Ноокат районунда үгүт учурунда улак өткөрүшүп, жыйынтыгында бирөөнүн 15 жаштагы баласы каза болуп калгандыгы тууралуу буга чейин Сизге кайрылып, бирок кайтарым жооп болгон жок. Бул маселе боюнча атайын публикация жарыяланганда, Ноокат РОВДсы "биз карап жатабыз, постунду өчүрүп тур" деп суранышкан. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык жок. Көк бөрү оюнун уюштурган жарандар милиция кызматкерлерин: "эч кандай көк бөрү оюну ойнотулган эмес, жөн эле репетиция болчу" деп жатышыптыр. Мен улакты уюштурган жигиттердин атын тактадым, Урмат, Айбек, Асамидин деген жигиттер уюштурушуп, эчки союп, байгесине ат жабдыктарын койгон экен.
Эмне себептен үгүт учурунда ойнотууга тыюу салынган көк бөрү оюнун мыйзамды сыйлабай өткөрүшөт. Каза болгон бирөөнүн чырактай баласына ким жооп берет? Аты аталган үч жигитти сүрүштүрсөм, көк бөрү оюнун уюштуруп, байге бермек түгүл, өздөрүнүн жашоосун араң эптеген жигиттер экен. Ушул жарандардан окуянын чоо жайын мыйзам чегинде түбүнө жеткирип сурак кылышса, окуянын өзөгүнөн бир кандидаттын аты чыгат, деп кошумчалаган, кайрылуунун ээси.