www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 8-декабрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровтун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты. 

Буга чейин социалдык тармактарда, борбор калаанын Чүй проспектисиндеги Борбордук универмаг жана шаардык универмаг магазиндерин бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр жана унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн. 

Мындан улам, УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине, жана тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди. 

Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду өз калыбына келтирүү, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алып, тез аранын ичинде аткарууну убадалады.

 

Последние новости