www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү майдын кору толукталып, көзөмөл күчөтүлдү

Күйүүчү майдын кору толукталып, көзөмөл күчөтүлдү  

 

Кыргызстанда 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери күчөтүлүп, күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору түзүлгөнүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн бардык мунай базаларында өз убагында толукталган кор бар жана бул маселени өкмөт тыкыр көзөмөлдөп турат.

Өкмөт учурда ички рыноктогу тең салмактуулукту сактоо үчүн мунай ташуучу компаниялар менен тыгыз иштешүүдө. Тышкы рыноктогу туруксуздукту эске алып, Кыргызстан Беларустун, Азербайжандын жана Казакстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү, ошондой эле мунай иштетүүчү заводдору менен түз байланышта сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мунун негизинде өлкөгө мунай продуктулары үзгүлтүксүз жеткирилүүдө.

Төрөбаев белгилегендей, быйылкы жылы аймактарды көмүр жана күйүүчү май менен камсыз кылуу, алардын сапатына жана баасына мониторинг жүргүзүү, энергетикалык объектилерди үзгүлтүксүз иштетүү маселелери жергиликтүү бийликке жана тиешелүү компанияларга өзгөчө тапшырма катары коюлган.

Последние новости